10.08.2018 16:07

Түштүк Корея Кыргызстанга өрт өчүрүүчү жана тез жардам унааларын берет

Түштүк Корея Кыргызстанга өрт өчүрүүчү жана тез жардам унааларын берет

Түштүк Корея Кыргызстанга эки өрт өчүрүүчү машина жана эки тез жардам унаасын берет.  Бул туурасында КР Кореядагы элчилигинин маалымат кызматынан кабарлашты. 

«9-августта Кыргызстандын Кореядагы элчиси Кылычбек Султанов Сеул шаарынын өрт өчүрүү кызматынын өкүлдөрү менен жолугушуп, анда Кыргызстанга куткаруучу техника жагынан жардам берүү маселеси талкууланды», - деп айтылат маалыматта.

Корея мыйзамдарына ылайык, өрт өчүрүүчү унаалар 8 жылдан кийин, тез жардам унаалары 5 жылдан кийин колдонуудан чыгарылат. Аларды сатып, же болбосо, өнүгүп келаткан өлкөлөргө берип жок кылышат. Бул туурасында өрт кызматынын райондук башкармалыгынын өкүлү  Чонг Чжэ-ху билдирген.

Андыктан, келаткан жылы эки өрт өчүрүүчү, эки тез жардам унаасы Сеулдун Өрт өчүрүү кызматынын башкы штабынын көмөгү менен Кыргызстанга жиберилет.

Аны менен бирге, 2019-жылы Кыргызстанга 4 өрт өчүрүүчү бөлүк куруу долбоорун ишке ашырууну, анын алкагында дагы 12 өрт өчүрүүчү унаа жиберүүнү максаттап жатышкандары маалымдалган.   

Ошондой эле, Кореянын өрт өчүрүү кызматы Кыргызстандын ӨКМ жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлерине заманбап унааларды кантип колдонуу боюнча тренинг өтүүгө даяр. Авиабилет, жатакана, тамак-аш сыяктуу чыгымдарды корей тарап каржылоого даяр.